Малды жана үй канаттууларын эсепке алуу жыйынтыкталды

Басылмалардын датасы: 12.02.2016


Иш жүзүндө малдын жана үй канаттууларынын анык башын эсепке алуу максатында 2015 жылдын 10-25 декабрга чейин малды жана үй канаттууларын эсепке алуу жүргүзүлдү.

Малды жана үй канаттууларын эсепке алуунун жыйынтыгы, негизги айыл чарба малдарынын башынын өсүш тенденциясы сакталып тургандыгын күбөлөндүрөт.

Ири мүйүздүү малдардын башынын эң чоң үлүшү Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын, кой жана эчкилердин башы - Жалал-Абад, Ош, Нарын  жана Ысык-Көл облустарынын, жылкынын башы - Нарын, Ысык-Көл , Ош  жана  Жалал-Абад облустарынын чарбаларында  орун  алган.

Мал жана үй канаттууларынын башынын эң чоң үлүшү (98,8 пайызы) дыйкан(фермер) жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларына туура келет.

Мал жана үй канаттууларынын региондор боюнча башынын саны жөнүндө маалыматтар Ултстаткомдун сайтында жайгаштырылган.

 


Акыркы жаңылоо: 12.02.2016, 18:21