2015-жылдын январь-июнуна тике чет өлкөлүк негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын алдын- ала жыйынтыгы чыгарылды

Басылмалардын датасы: 03.09.2015


2015-жылдын январь-июнунда 2014-ж. январь-июнуна  салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2,3 эсеге өсүп, 498,5 млн. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (76,7 пайызы) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүш ишканаларына, ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) багытталган. Муну менен бирге геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 1,9 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына - 5,9 эсеге, электр энергия, газ, буу  жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу) - 14,6 эсеге көбөйдү.

2015-жылдын январь-июнунда КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-ж. январь-июнуна салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйдү, муну менен бирге Канададан (90 эсеге), Улуу Британиядан (6,1 эсеге), Кошмо Штаттардан жана Түркиядан (1,8 эсеге) келген инвестициялар олуттуу өстү, ал эми Кытайдан келген инвестициялар тескерисинче (3,7 эсеге) кыскарды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-жылдын январь-июнуна салыштырганда 2,8 эсеге, муну менен бирге Россиядан - 7,4 эсеге өстү, алардын Казакстандан келүү агымы тескерисинче 5,1 эсеге кыскарды.

 

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция|e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 

3-сентябрь 2015

 


Акыркы жаңылоо: 03.09.2015, 13:58