Айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноонун жыйынтыгы чыкты
Басылмалардын датасы: 20.11.2015
Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги түрлөрүн жыйноонунун көрсөткүчтөрү боюнча дан өндүрүү (алгачкы кабыл алынган салмакта) республика боюнча 1,8 млн. тонна же 130,4 пайызды өткөн жылдын ушул датасына карата түздү, мында түшүмдүүлүгү гектарына 31 центнерден (алгачкы кабыл алынган салмакта) айланды. Дан өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көбөйүші буудай жана арпанын түшүмдүүлүгүнүн олуттуу жогорулашы менен шартталды. 2014-жылдын 23-октябрына карата буудайдын орточо түшүмдүүлүгү жалпысынан республика боюнча гектарына 18,3 центнерди түзсө (алгачкы кабыл алынган салмакта), быйылкы жылдын тийиштүү датасына гектарына 25,7 центнерди түздү, арпа тиешелүүлүгүнө жараша гектарына 13,8 центнерди түзсө, быйылкы жылы 23,0 центнерди түздү.
1393 миң тоннадан ашык картошка казылып алынды, же 107, 0 пайыз өткөн жылдын ушул датасына карата болду, 982 миң тоннага жакын жашылча жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул датасына караганда 16,7 пайызга көп.
_____________________________________________________________________________________________________________