2015-жылдын I жарым жылдыгындагы өнөр жай подукциясынын көлөмүнүн жогорулашы баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды

Басылмалардын датасы: 10.07.2015


2015-жылдын январь-июнунда республиканын өнөр жай ишканалары тарабынан 89 млрд. сомдон көп суммада продукция чыгарылды, 104,7 пайыз - «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда физикалык көлөмдүн индекси 123,6 пайызды түздү.

Продукциялардын көлөмүнүн жогорулашы негизинен баалуу металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалды. Металл кенин казуудагы жана тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүдөгү олуттуу өсүүнүн тенденциясы, ошондой эле резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүнун көлөмүнүн көбөйүшү сакталып калат.

Муну менен катар текстиль өндүрүшү; кийим жана бут кийимдерди, булгаары, булгаарыдан жасалган башка буюмдарды, электр жабдууларын өндүрүү, электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүдө өткөн жылдагы деңгээлден артта калуу сакталып калат.

__________________________________________________________________________________________________________

Өнөр жай статистикасы бөлүмү            I            e-mail abdrahmanova@stat.kg         I        тел. + 996 (312) 664044

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.07.2015, 18:14