Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын Конституция күнү менен куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 05.05.2024


Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Конституция күнү менен куттуктайм.
1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция мамлекетибиздин пайдубалы болуп саналат. Ал туруктуулукту камсыз кылып, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргойт жана коомдогу жашообуздун негизги принциптерин аныктайт.

Жалпыбыздын атуулдук милдетибиз - Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди сыйлоо жана сактоо, алардын негизинде демократиялык укуктук мамлекетти куруу, өнүгүүнүн негизи катары элдин биримдигин жана ынтымагын бекемдөө.
Ушул маанилүү күнү ар бир кыргызстандыкты Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктап, баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубатчылык жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүүнүн жана туруктуулуктун болушун каалайм!

 

 


Акыркы жаңылоо: 06.05.2024, 13:32