Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичтин жаңы жылдык куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 31.12.2022


Урматтуу Кыргыз Республикасынын статистикасынын кызматкерлери жана ардагерлери, өнөктөштөр жана колдонуучулар!

Сиздерди келе жаткан 2023-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жакында биз сыйкырдуу атмосферага түшүп, жакындарыбыз менен бирге эң жакшы, жаркын үй-бүлөлүк майрамды белгилегени турабыз. Бирок адегенде салт боюнча өтүп жаткан жылга таазим этип, ыраазычылык билдиребиз.

Статистиктер үчүн 2022-жыл абдан жагымдуу болду. Биз эл жана турак жай фондун каттоону Электрондук форматта өткөрдүк, 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү программасын кабыл алдык, өлкөнүн жети миллиончу тургуну төрөлгөнүн белгиледик.

Жаңы жылдын алдында Улутстаткомдун ишине улуттук деңгээлде баа берилди, бул ар бириңиздердин эмгегиңиздер, урматтуу кесиптештер. Сабырдуулугуңуз, өжөрлүгүңүз жана ийгиликтериңиздер үчүн ыраазымын!

Азыркы учурда статистика органдарынын алдында жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык расмий статистиканы өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кеңейтүүгө багытталган заманбап санариптик маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу статистикалык системаны модернизациялоо процессин тездетүү боюнча жаңы милдеттер турат.

Жаңы жылда баарыңыздарга бакыт-таалай, жакшы маанай, ден-соолук, бакубат жана жакшылык каалайм!

 

Жакшы тилектер менен,

Б. Ж. Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 30.12.2022, 15:24