Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичтин Эгемендүүлүктүн күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 30.08.2022


Урматтуу мекендештер!      

Жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жалпы эмгек жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Дүйнөлүк тарыхый деңгээлде карасак, 31 жыл аз убакыт, бирок, мекенибиз Кыргызстан үчүн 31 жыл ичинде биздин жаш мамлекет бир топ сыноолорду, кыйынчылыктарды жана тарыхый бурулуштарды башынан кечирди. Сыноолорго татыктуу туруштук берип, мамлекеттүүлүгүбүздү сактай алгандыгыбыз эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң бир чоң жетишкендиктерден болду.

Биздин мекенчил жарандарыбыз ар тармактарда үзүрлүү эмгектенишип, мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарында өздөрүнүн барандуу салымдарын кошуп келишүүдө.

Өлкөбүздүн өнүгүүшүнө статистика тармагынын кызматкерлери да эмгектенип келе жатат. Азыр борбор калаабыз Бишкектен баштап, мамлекетибиздин бардык шаарларында, райондорунда жана облустарында статистика тармагынын кызматкерлери үзүрлүү эмгектенишип, мекенибиздин реалдуу турмушун чагылдырган так статистикалык маалыматтарды өз убагында даярдап, калың элге тартуулап жатышат.

Урматтуу кыргызстандыктар! Бардыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана бакыт-таалай каалайм. Ал эми ыйык мекенибиз Кыргызстанда ар дайым тынчтык, ынтымак жана бейпилдик өкүм сүрүшсүн!

Урматтоо менен,

Б. Ж. Кудайбергенов

 


Акыркы жаңылоо: 31.08.2022, 12:20