Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Айымдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 07.03.2022


Урматтуу айымдар!

Сиздерди жадыраган жаз менен кошо кирип келген 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Айымдар – үйдүн куту, коомдун экономикалык жана саясий турмушуна, мамлекеттин өнүгүшүнө активдүү катышууда.Мекенибиздин статистика тармагынын калыптанышына айымдардын мээнети – опол тоодой бийик! Сиздер менен өлкөбүздүн статистика тармагы өрүш алып, туруктуу өнүгүп келе жатат.

Ардактуу айымдар!

Сиздерге жаркын маанай, бекем ден соолук, узун өмүр, жашооңуздардагы бардык жакшылыктарды каалайм! Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаю, үйүңүздөрдөн кут-береке жана жылуулук кетпесин.

                                                                             


Акыркы жаңылоо: 07.03.2022, 20:23