Улутстаткомдун өкүлү Борбор Азиядагы аялдарга жана секелек кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча аймактык семинардын ишине катышты

Басылмалардын датасы: 31.05.2022


2022-жылдын 23-24-майында Алматы шаарында (Казакстан) Борбор Азиядагы аялдарга жана секелек кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык семинар болуп өттү. Бул эл аралык иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташтыкта калкты жайгаштыруу жаатындагы БУУнун фондунун жардамы менен уюштурулду. Аймактык семинардын ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова катышты.  

Бул иш-чаранын максаты зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүнүн ведомстволор аралык ыкмасын илгерилетүү, кайра багыттоо боюнча стандарттуу операциялык жол-жоболорду киргизүү жана зомбулук фактылары боюнча иштерди жүргүзүү, гендердик зомбулук боюнча маалыматтарды талдоо жана чогултуу болуп саналат.

Семинарда жана жумушчу сессиялардын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндөгү “Нур жарыгы” аймактык демилгесинин ишинин маселелери, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү гендердик шартталган зомбулукка ведомстволор аралык жооп берүүгө негизги секторлордун катышуусунун кырдаалдык талдоосу, негизги секторлор-саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана милиция үчүн окуу материалдарын берүү, кийинки жылдарга пландарды иштеп чыгуу ж. б. маселелери каралды.

            

            

            

 

 


Акыркы жаңылоо: 31.05.2022, 10:20