Улутстаткомдун өкүлдөрү “иш жүзүндөгү маалыматтардын негизинде саясатты иштеп чыгуу” темасындагы жогорку деңгээлдеги борбор-азиялык конференциясынын ишине катышышты

Басылмалардын датасы: 30.05.2022


2022-жылдын 24-25-майында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында “Далилдерге негизделген саясатты иштеп чыгуу”, “Экономикалык өнүгүү максаттарына жетүү үчүн натыйжалуу мамлекеттик башкаруу” (EGED) темасында жогорку деңгээлдеги борбор-азиялык конференциясы болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аймактык өнүктүрүү статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жаркынбаева катышышты.

Өз сөзүндө Улутстаткомдун Төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугуна жана алардын коомчулукка отчеттуулугуна жана мамлекеттик башкарууну жакшыртууга өбөлгө түзгөн иш жүзүндөгү маалыматтарга негизделген саясаттын маанилүүлүгүн белгиледи. “Бул маанилүү аймактык форум, анда маалыматтардын ролу, аларды ар кандай чөйрөлөрдө мамлекеттик саясат чараларын камсыз кылуу үчүн пайдаланууну талдоо, маалыматтарды пайдалануу менен мамлекеттик программаны ишке ашыруу, ошондой эле ушул жол - жоболордун жүрүшүндө жарандык коом менен өз ара маанилүү мамилелер”, - деп баса белгиледи Айнура Орозбаева.

Ошондой эле, Ташкенттеги Эл аралык конференциясынын алкагында “аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мониторинги, аймактык статистиканы андан ары өнүктүрүү жана аны божомолдоодогу колдонуу” темасындагы презентация менен Улутстаткомдун аймактык өнүктүрүү статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жаркынбаева баяндама жасады. КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-октябрындагы чечими менен бекитилген Кыргызстандын аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо тутуму, маалымат булактары, “Санарип аймак” АМТ жана аймактык жана жергиликтүү деңгээлди талдоо, пландаштыруу, мониторинг жүргүзүү, болжолдоо жана “маалыматтарга негизделген башкаруу” демилгесин киргизүү максатында аймактык деңгээлде деталдуу маалыматтарды өндүрүү системасын түзүү жөнүндө айтып берди.

Жогорку деңгээлдеги Ташкент борбор-азиялык конференциясынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен декларация кабыл алынды. Бул декларация катышуучуларды инклюзивдик өсүүнү камсыз кылуу, муктаж болгондордун жыргалчылыгына артыкчылыктуу көңүл буруу жана коомдун бардык мүчөлөрүнө жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды колдонууга болгон тастыктоого, саясий чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкын жана натыйжалуу процесси үчүн маалыматтарды кеңири колдонуу максатында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты стимулдаштырууга чакырат; маалыматтардын сапатын жакшыртууга жана аларды ар кандай чөйрөлөрдө мамлекеттик саясат чараларын иштеп чыгуу процессине андан ары интеграциялоого көмөктөшүү.

Маалымат үчүн: Борбордук Азиядагы “экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу(EGED)” программасы Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан каржыланат жана Дүйнөлүк Банк жана ACTED тарабынан ишке ашырылат . Ал Кыргыз Республикасында, Тажикстанда жана Өзбекстанда экономикалык саясаттын натыйжалуулугун, отчеттуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган. Программа өкмөттөргө сапаттуу маалыматтарды жана фактылар менен коштолгон маалыматтарды түзүү саясатын иштеп чыгуу жана экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн маалыматтарды колдонууга, өкмөттүн ичинде координациялоону өркүндөтүүгө жана жарандар менен эффективдүү иштешүүгө жардам берет.

              

              

              

              

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.05.2022, 15:46