ПРЕСС-АНОНС: Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 09.02.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын январындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндө маалымат бөлүшөт, 2024-жылдын башына карата жүргүзүлгөн мал жана үй канаттууларын саноо жөнүндө маалымат берет, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө, жана ошондой эле өткөң жылдын өнөр жай көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы айтып беришет.

Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 12-февралы, башталышы саат 10:00.
Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Мурсабекова Гульзейнеп Турдубековна - айыл чарба статистика бөлүмүнүн башчысы;
  • Сулайманова Гульсара Назарбековна - тышкы соода статистикалык бөлүмүнүн башчысы;
  • Сатыбекова Гүлжан Бейшеновна – өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 09.02.2024, 17:22