ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 12.01.2024


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери 2023-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды берет. Мындан тышкары, 2023 – жылдын жашоо минимуму жана 2023 -жылдын 12 айына керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүшү жөнүндө маалымат берилет.

Иш-чара Улутстаткомдун Facebook расмий баракчасы аркылуу (http://www.facebook.com/statistics.kg) түз эфирде көрсөтүлөт.

Өтө турган убактысы: 2024-жылдын 15-январы, башталышы саат 11:00.

Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

 

  • Кудайбергенов Бактыбек Жапарович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Керималиева Назира Керималиевна – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • Нурбаева Айнура Табылгановна – баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: statistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 12.01.2024, 18:20