Президент Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

Басылмалардын датасы: 25.03.2022


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Эске салсак, Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.

Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.

        

        

        

 

 


Акыркы жаңылоо: 25.03.2022, 11:06