Экономиканын финансы секторунун субъектилеринин пайдасы дээрлик 2 эсеге өстү

Басылмалардын датасы: 24.05.2022


2022-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 591 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 күрөөканалар, 146 микрокредиттик уюмдар, 97 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2022-жылдын январь-мартында алар тарабынан 24,4 млрд. сом киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,5 эсеге көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 93% банк сектору менен камсыздалды.

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 30%  көбөйдү жана 12,6 млрд. сомду түздү.

I кварталында экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
 ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү

 (млн. сом)

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

2021

2022

2021

 

2022                   2021

2022

Бардыгы

15 759,6

24 409,1

9 692,4

12 595,0

6 067,3

11 780,2

Банктар

13 290,0

21 364,1

7 974,2

10 522,1

5 316,0

10 853,4

Күрөөканалар

188,6

201,9

153,1

123,4

35,5

77,9

Кредиттик бирикмелер

53,0

55,2

57,2

45,7

-4,2

9,5

Микрокредиттик уюмдар

1 800,9

2 215,9

1 171,8

1 415,2

629,1

800,8

Камсыздоо уюмдары

414,4

560,1

330,5

474,8

83,9

40,5

Башка уюмдар

12,7

11,9

5,6

13,8

7,0

-1,9

2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 11,8 млрд. сом суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен дээрлик эки эсеге ашты. Пайданын өсүшүнүн суммасынын дээрлик 75% Улуттук банк жана 22% - коммерциялык банктар менен камсыздалды.

I кварталында экономиканын финансы секторунун пайдасы

(млрд. сом)

2022-жылдын январь-мартында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 61% түздү, ал эми уюмдардын 16% чыгым алды.

______________________________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү  |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 24-майы


Акыркы жаңылоо: 24.05.2022, 14:44