Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү сакталып калуусун улантат

Басылмалардын датасы: 12.11.2015


2015-жылдын январь-октябрында өнөр жай продукциясы 140,6 млрд. сом суммасында өндүрүлүп, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүүсү 8,2 пайызды түздү.

Жылдын башынан бери өнөр жай продукциясынын көбөйүүсү баалуу металлдарды өндүрүүдө (17,2 пайызга), металл кендерин казууда (5,1 эсеге) жана мунайзат продуктуларын өндүрүүдө (2 эсеге) белгиленди.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албагандаөндүрүштүн көлөмү 0,8 пайызга өстү.

Өткөн жылдын деңгээлинен артта калуутекстиль өндүрүшүндө (11,0 пайызга), кийимдерди (24,8 пайызга), электр жабдууларын (11,6 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүдө (9,1 пайызга), электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүдө (6,3 пайызга) сакталып калат.

 

Өнөр жай статистикасы бөлүмү

e-mail abdrahmanova@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 12.11.2015, 10:10