Прожиточный минимум по сравнению с I кварталом прошлого года увеличился на 13 процентов

Басылмалардын датасы: 14.04.2021


2020-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 5 840,40 сомду түздү, жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13 пайызга өстү.

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

2021-жылдын биринчи кварталында жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Ош шаарында, Ош облусунда жана Бишкек шаарында белгиленди.
Ошол эле учурда, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу жашоо минимумунун маанисинин эң чоң өсүшү Ысык-Көл облусунда (16,2 пайызга), Ош шаарында (15,3 пайызга) жана Бишкек шаарында (13,5 пайызга) белгиленди.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы  азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.
Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

I квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

Бардыгы

5 167,21

5 840,40

113,0

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

5 778,67

6 550,94

113,4

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

5 901,35

6 713,92

113,8

   аялдар

5 733,85

6 503,39

113,4

Пенсионерлер

4 613,19

5 183,97

112,4

Балдар

4 386,95

4 937,69

112,6

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

3 897,33

4 376,31

112,3

 7ден 14кө чейинки

4 561,11

5 122,23

112,3

 14төн 17ге чейинки

4 954,06

5 619,20

113,4

Үй чарба статистикасы  бөлүмү e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 14.04.2021, 14:39