2022-жылдын I кварталындагы жашоо минимумунун көлөмү 16,7 пайызга көбөйдү

Басылмалардын датасы: 13.04.2022


2022-жылдын I кварталында жашоо минимумунун көлөмү 6 813,06 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 16,7 пайызга өстү. 

Аймактар боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму

(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

 

 

I квартал

Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен

2021

2022

Бардыгы

5 840,40

6 813,06

116,7

Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк

6 550,94

7 612,22

116,2

 анын ичинен:

 

 

 

   эркектер

6 713,92

7 796,64

116,1

   аялдар

6 503,39

7 574,48

116,5

Пенсионерлер

5 183,97

6 066,66

117,0

Балдар

4 937,69

5 796,42

117,4

 анын ичинен, жашы:

 

 

 

   0дөн 7ге чейинки

4 376,31

5 170,85

118,2

 7ден 14кө чейинки

5 122,23

5 996,69

117,1

 14- 17

5 619,20

6 559,15

116,7

Үй чарба статистикасы бөлүмү / e-mail: Y.Kalymbetova@stat.kg; / тел. + 996 (312) 32-46-55

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.04.2022, 13:36