Негизги тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшүнөн улам, 2020 - жылдын I кварталында жашоо минимуму 10,4 пайызга өстү
Басылмалардын датасы: 07.04.2020
2020-жылдын I кварталында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу жан башына 5167,21 сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 10,4 пайызга өстү. Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугунун өсүшү белгиленди.
Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)
Жашоо минимумун түзүмү калктын ар бир социалдык-демографиялык топтору үчүн жекече иштелип чыкты жана бекитилди, ага ылайык азык-түлүк товарлардын үлүшү (калк үчүн орто эсеп менен) 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр – 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт.
Социалдык-демографиялык топтор боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен жан башына, айына сом менен)
|
I квартал |
Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен |
|
2019 |
2020 |
||
Бардыгы |
4 681,31 |
5 167,21 |
110,4 |
Эмгекке жөндөмдүү курактагы калк |
5 218,80 |
5 778,67 |
110,7 |
анын ичинен: |
|
|
|
эркектер |
5 323,59 |
5 901,35 |
110,9 |
аялдар |
5 165,12 |
5 733,85 |
111,0 |
Пенсионерлер |
4 168,37 |
4 613,19 |
110,7 |
Балдар |
4 000,85 |
4 386,95 |
109,7 |
анын ичинен, жашы: |
|
|
|
0дөн 7ге чейинки |
3 573,81 |
3 897,33 |
109,1 |
7ден 14кө чейинки |
4 143,44 |
4 561,11 |
110,1 |
14төн 17ге чейинки |
4 503,73 |
4 954,06 |
110,0 |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, тамак-аш азыктарынын минималдуу топтомунун, тамак-аш азыктарынын топтомунун химиялык курамын жана энергетикалык баалуулугун, жашоо минимумунун көлөмүн эсептөө методикасын камтыган, «Калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтомуна ылайык, квартал сайын жашоо минимумунун нарктык чоңдугун эсептеп чыгарат.
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө Үй чарба статистикасы бөлүмү |
| e-mail:NKerimalieva@stat.kg; | тел. + 996 (312) 324691 |
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).