Мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн адистик майрамын белгилөөдө

Басылмалардын датасы: 26.04.2018


Жекшембиде, 29-апрелде, мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн – 1995-жылдан бери жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде майрамдалуучу, Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин күнү - кесиптик майрамын белгилөөдө.

Биринчи жолу Статистика боюнча комитет 1926-жылдын 29-апрелиндеги Кара-Кыргыз  обревкомунун токтому менен уюштурулуп, анда ага статистикалык маалыматтарды ар тараптуу  иштеп чыгуу, ошондой эле ошол учурда ар кандай ведомстволор жана мекемелердин курамында болгон статистикалык органдардын иш-аракеттерин координациялоо боюнча маселелери жүктөлгөн. 

1927-жылдын октябрында  ВЦИК  жана  СНК РСФСР  тарабынан жергиликтүү  мамлекеттик статистика органдары жөнүндө типтүү жобосу бекитилген, ага ылайык,  Кыргыз АССРнин элдик комиссарлар  Кеңешине караштуу борбордук статистика башкармалыгы (БСБ) түзүлгөн.

1930–жылы БСБ органдары ЦИК жана  СНК СССР  токтомуна ылайык  өз алдынча ведомство катары кыскартылган, ал эми БСБнын функциялары Мампландоого өткөрүлүп берилген.

Кыргыз ССРнин  Мампланынын алдында 1936-жылы Элдик-чарбаларды эсепке алуу башкармалыгы (ЭЧЭБ) – республиканынын башкы статистикалык органы түзүлгөн.

1941-жылдын 7-апрелинен тартып Мампландын ЭЧЭБы аталышы Кыргыз ССРнин  БСБ аталышына которулган. Облустук ЭЧЭБ облустук статистика башкармалыктары болуп уюшулган.  Жерлердеги райондук аткаруу комитеттери  жана шаардык кеңештердин ордуна райондук (шаардык) статистикалык инспектуралар  түзүлгөн.

СССР Министрлер Кеңешинин 1948-жылдын 10-августундагы токтомуна ылайык, БСБ Мампландын системасынан бөлүнүп, өз алдынча ведомство болуп түзүлгөн. Кыргыз ССРнин  Мампланы Кыргыз ССР Министрлер  Кеңешине караштуу, ошондой эле СССР БСБга баш ийүү менен Кыргыз ССРнин  Мампландын БСБы болуп кайрадан уюшулган.

1987-жылы Кыргыз ССРнин БСБы Статистика боюнча Мамлекеттик комитети болуп кайрадан уюшулган. (Кыргыз ССРнин Мамстаткому).

 Мамлекеттик статистиканын тарыхындагы  маанилүү доору бул 1994-жыл болуп калды. 

Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика комитети болуп уюшулган жана Республиканын Өкмөтүнүн курамынан чыккан, бул  мамлекеттик жана саясаттык түзүмдөрдүн  таасиринен мамлекеттик статистика комитетинин көз карандысыз  болуусуна  кепилдик болуп саналган.

       Ушул эле жылдын май айында статистикалык системасында жаңы структуралык өзгөрүүлөр болуп өтөт. Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын  Улуттук статистика комитети жөнүндө”    1994-жылдын 30-майындагы  Жарлыгына кол койгон, ага ылайык, Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетине  Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статусу берилген.  Жаңы статуска ылайык Улуттук статистика комитети бир гана республиканын Президентине отчет берет. Кыргыз Республикасынын  статистикалык кызматынын көз карандысыздык статусун  КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биринчи алган.

      Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети  аймактык  деңгээлде 7 облустук  (Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Чүй облустук статистикалык башкармалыктары) башкармалыктары, Бишкек жана Ош  шаардык  мамлекеттик статистика башкармалыктары менен иш жүргүзөт.

Бүгүнкү күндө, 663 мамлекеттик  кызматкерлер, жалпысынан 1030 кызматкерлер мамлекеттик статистика системасында эмгектенишет.

Кыргызстандын статистиктеринин кажыбас эмгеги, маңдай тер мээнети, алардын кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, чечкиндүү чечимдерди кабыл алуусу, эл аралык статистикалык уюмдар жана статистикалык кызматтар менен туруктуу жана эффективдүү кызматташтыкты түзүүсү, бүгүнкү күндөгү республиканын Улуттук статистика комитетинин, жалпы кабыл алынган эл аралык эрежелерди жана стандарттарды киргизүүчү жана эл аралык тажрыйбаны ийгиликтүү колдонуучу, жогорку уюшулган маалыматтык системанын үлгүсү болуп эсептелүүсүнө алып келди.  

ФОТО: КР Улутстаткомунун иш күндөрү.

 


Акыркы жаңылоо: 27.04.2018, 10:34