ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө баалардын жана тарифтердин өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 15.11.2023


2023-жылдын октябрь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде керектөө бааларынын жана тарифтеринин мурунку айга салыштырмалуу жогорулашы белгиленди. Кыргыз Республикасында керектөө бааларынын жана тарифтеринин индекси 0,9 пайызга жогорулады.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли
 (пайыз менен,  өсүшү +; төмөндөшү-)

 

Октябрь  ү.ж. сентябрына
карата

Октябрь  мурунку жылдын декабрына карата

Октябрь айында орточо айлык өсүү темпи (төмөндөшү)

2022

2023

2022

2023

2022

2023

Армения

0,3

0,3

6,0

-2,0

0,7

-0,2

Беларусь

-1,0

0,6

13,6

4,3

1,3

0,4

Казакстан

1,6

0,7

17,2

7,9

1,6

0,8

Кыргызстан

1,3

0,9

12,1

6,7

1,1

0,6

Россия

0,2

0,8

10,7

5,5

1,0

0,5

* Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча

2023-жылдын октябрь айында 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,9 пайызга) Казакстан Республикасында катталды, мында азык-түлүк товарларынын баалары (6,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (9,6 пайызга) эң көп өстү. Ошол эле убакта Кыргыз Республикасында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын эң  көп өсүшү (11,1 пайызга) катталды.

2023-жылдын октябрь айындагы ЕЭАБге мүчө мамлекеттердин керектөө секторундагы
инфляциянын товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн топтору боюнча деңгээли

(пайыз менен,  өсүшү +; төмөндөшү-)

 

Бардык товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр

анын ичинде:

азык-түлүк  товарлар1

азык-түлүк эмес товарлар

кызмат көрсөтүүлөр

 

Мурунку айга карата

Армения

0,3

0,4

0,8

-0,2

Беларусь

0,6

1,2

0,4

-0,1

Казакстан

0,7

0,5

0,8

0,8

Кыргызстан

0,9

0,4

1,6

1,2

Россия

0,8

1,4

0,6

0,5

 

Мурунку жылдын декабрына карата

Армения

-2,0

-5,9

-0,1

2,3

Беларусь

4,3

4,1

2,4

7,0

Казакстан

7,9

6,8

7,9

9,6

Кыргызстан

6,7

4,4

11,1

8,1

Россия

5,5

4,9

5,0

6,9

* Статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча.
1 Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки азыктарын кошкондо.

 

Баалар статистикасы бөлүмү               |e-mail: ceny@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.11.2023, 10:42