Өнөр жай өндурүшүнун өсүүсү негизинен баалуу металлдарды чыгаруунун көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалган

Басылмалардын датасы: 14.09.2015


2015-жылдын январь-августунда өнөр жай өндурүшүнун өсүүсү 2014-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,7 пайызды түздү, өсүүсү негизинен баалуу металлдарды (48,2 пайызга), ошондой эле мунайзат продуктуларын (2,5 эсеге) жана башка металл эмес минералдык продуктуларды (9,2 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалган. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда көлөмү 5,8 пайызга көбөйдү.

Муну менен бирге өткөн жылдагы деңгээлден артта калуу текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды (18,3 пайызга), электр жабдууларын (16,4 пайызга) өндүрүүдө, электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүүдө (8,0 пайызга) сакталып калат.

 

Өнөр жай статистикасы бөлүмү

e-mail abdrahmanova@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 14.09.2015, 16:37