ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда социалдык-маанилүү тамак-аш азыктарынын чекене баалары

Басылмалардын датасы: 21.09.2021


Ыкчам маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын августунда ЕАЭБ мамлекеттеринин башка борборлоруна салыштырганда биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2021-жылдын августунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги  тамак-аш азыктарынын
орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары1)

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш. 2

Минск ш. 2

Уйдун эти

5,66

5,63

6,58

4,21

Койдун эти

5,73

7,01

8,32

-

Ак май

4,04

7,41

12,35

7,44

Пастеризацияланган сүт, литр

0,68

0,77

1,06

0,66

Жумуртка, ондук

1,08

0,97

1,20

1,09

Биринчи сорттогу буудай уну

0,46

0,56

0,71

0,50

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

0,60

0,40

0,95

0,55

Картошка

0,37

0,36

0,57

0,52

           

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 Буудай унуна орточо керектөө баалар.

(-) - Өкүл-товардын жоктугу.

2021-жылдын августунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен ак майга болгон максималдуу орточо чекене баа (1 килограмм үчүн 12,35 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу чекене баа (1 килограмм үчүн 4,04 АКШ доллары) - Бишкек шаарында белгиленди. Ошондой эле, кой этине (1 килограмм үчүн 5,73 АКШ доллары) жана биринчи сорттогу унга (1 килограмм үчүн 0,46 АКШ доллары) эң төмөн баалар Бишкек шаарында катталды.

2021-жылдын августунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарына максималдуу жана минималдуу орточо баалар

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Үстүбүздөгү жылдын августунда пастеризацияланган сүткө Минск шаарында - 2,9 пайызга, уй этине Минск шаарында (25,6 пайызга) жана Нур-Султан шаарында (0,5 пайызга), ал эми биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында (33,3 пайызга) жана Минск шаарында (8,3 пайызга), жумурткага Нур-Султан шаарында (10,2 пайызга) жана картошкага Нур-Султан шаарында (2,7 пайызга) байкалган баалардан Бишкек шаарында болгон орточо чекене баалардын деңгээли жогору болуп түзүлдү.

2021-жылдын августунда ЕАЭБ мамлекеттеринин борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

 

Бишкек ш.

Нур-Султан ш.

Москва ш.

Минск ш.

Бишкек ш. - 100, пайыз менен

 

Уйдун эти

100

99,5

116,3

74,4

Койдун эти

100

122,3

145,2

-

Ак май

100

183,4

305,7

184,2

Пастеризацияланган сүт, литр

100

113,2

155,9

97,1

Жумуртка, ондук

100

89,8

111,1

100,9

Биринчи сорттогу буудай уну

100

121,7

154,3

108,7

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

100

66,7

158,3

91,7

Картошка

100

97,3

154,1

140,5

АКШ доллары менен1

Орточо айлык эмгек акы2

315,1

811,6

1 510,4

811,9

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү кг менен

Уйдун эти

55,6

143,6

225,6

195,3

Койдун эти

55,0

115,4

178,5

-

Ак май

77,9

109,2

120,3

110,4

Пастеризацияланган сүт, литр

462,7

1 056,7

1 404,8

1 249,8

Жумуртка, ондук

292,4

838,2

1 239,7

752,6

Биринчи сорттогу буудай уну

680,7

1 453,6

2 091,2

1 636,6

Биринчи сорттогу ундан жасалган нан

527,4

2 002,9

1 571,2

1 494,3

Картошка

844,5

2 222,6

2 596,3

1 586,2

1 Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.

2 2021-ж июлунда - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2021-ж. июнунда - Москва ш. боюнча,
2021-ж. 2-кварталында - Нур-Султан ш. боюнча орточо айлык эмгек акы.

ЕАЭБ айрым мамлекеттеринин борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн салыштырма талдоосу2 2021-жылдын августунда Бишкек шаарында ал биринчи керектөөчү продуктулар боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин башка борборлорундагы алардын деңгээлдеринен артта калганын, бул Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн төмөндүгү менен шартталганы жөнүндө күбөлөндүрүп турат. Мисалы, Бишкекте орточо эмгек акыга 50 килограммдан ашык, ал эми Москвада - 4,1 эсеге көп (225,6 килограмм) уй этин сатып алууга болот. Нур-Султан шаарында бир айлык эмгек акыга 2 тоннага жакын, ал эми Бишкек шаарында - 3,8 эсеге аз (527,4 килограмм) нан сатып алууга болот.

 

Маалымат үчүн: Эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү орточо айлык эмгек акыны (улуттук валютада) тийиштүү товардын 1 килограммынын орточо баасына бөлүү жолу менен аныкталат.

______________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                                |e-mail: ceny@stat.kg;                              |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 21.09.2021, 16:11