Улутстаткомдун төрагасы А.Султанов Нью-Йоркто маанилүү маселелер боюнча чыгып сүйлөдү

Басылмалардын датасы: 09.03.2018


8-март күнү Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Султанов  Акылбек Шакирович, ушул күндөрү Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан, Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык кеңешинин Статистикалык комиссиясынын 49-сессиясында катышып, маанилүү маселелер боюнча чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасында, жаңы цифралык чөйрөнү түзүү жана республиканын ишмердигинин бардык тармактарында жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү боюнча жалпы улуттук “Таза Коом” программасынын ишке ашырылуусу жөнүндө маалымат берди. Анын негизги катышуучуларынын бири болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эсептелээрин белгиледи.

Андан тышкары, Акылбек Султанов өз сөзүндө, статистикалык жана гео-аймактык маалыматтын интеграциясынын маселелери, ошондой эле, картографиянын жана статистиканын өз ара байланыштагы маселелери менен алектенген, мекемелердин ортосунда сапаттуу техникалык маалыматтар менен алмашуу маселелерин айтып өттү. Ал жогоруда айтылган маселелердин, 2020-жылы боло турган Эл жана турак жай каттоонун ийгиликтүү өтүүсү үчүн керектүү шарттардын бири болорун белгиледи.

Мунун ичинде, бул маселелер Туруктуу өнүктүрүүнү ишке ашыруу үчүн да актуалдуу экенин баса белгилеп,  мындан ары айылдык райондордун деңгээлине чейин статистикалык маалыматтарды деталдаштырууга мүмкүндүк берээрин айтып өттү.


Акыркы жаңылоо: 09.03.2018, 12:46