Бүгүн, 2015-жылдын 10-сентябрында Улутстаткомдо үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү

Басылмалардын датасы: 10.09.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 10-сентябрында Улутстаткомдо үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана башка бир катар маселелер талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 250 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 6,8 пайызга көбөйдү. Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүүлөр тармагына туура келип, ИДПнын жалпы көлөмүндө 50 пайызга, өнөр жайдын үлүшү 17 пайызга, айыл чарбасы - 14 пайызга жакындады, ал эми курулуш - 6 пайыздан ашты.

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларындагы өнөр жай продукцияларынын көлөмү 115 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-август айларына салыштырганда 21,7 пайызга жогорулады. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда бул мезгил ичинде продукциялардын көлөмү 5,8 пайызга көбөйдү.

Керектөө рыногу статистикасы башкармалыгынын начальниги Эльмира Мамбеталиева республиканын байланыш тармагында акыркы жылдарда болуп өткөн тенденциялар жөнүндө презентациясын сунуштады. Ошону менен бирге ал бул тармактын ИДПдагы үлүшү өткөн жылы 5 пайызды түзгөндүгүн белгилеп өттү. Азыркы убакта калктын 70 пайыздан ашыгынын Интернетти колдонууга мүмкүнчүлүгү бар, ал эми колдонуучулардын саны 4 миллиондон ашат.

Курулуш жана инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгындагы тике чет өлкөлүк  инвестициянын агымы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,3 эсеге өсүп, 500 млн. долларга жакындагандыгын айтты. Алардын негизги көлөмү (77 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүшүнүн ишканаларына, ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) чөйрөсүнө багытталды. КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициянын түшүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,2 эсеге, КМШ өлкөлөрүнүкү – 2,8 эсеге көбөйдү.

______________________________________________________________________________________________________________

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрө  таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 10.09.2015, 11:52