Бугун, 15 сентябрында 2015-жылы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистикасынын оркундотуу жана онуктуруу программасынын бетачары боюнча тегерек стол жыйыны отту

Басылмалардын датасы: 15.09.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 15-сентябрында “Плаза” отелинде жакынкы жылдарга карата мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланган тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун, донор өлкөлөрдүн айрым бейөкмөт жана эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Осмоналиев катышуучуларга ачылыш сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө Өнүктүрүү программасы 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маалыматтык камсыздоосунун натыйжалуу системасын камсыз кылуу, БУУнун расмий статистикасынын фундаменталдык принциптерин  сактоо, өлкөнүн статистикалык системасы колдонуучулардын керектөөлөрүнө жооп берген өз убагындагы сапаттуу маалыматтарды түзүү жана жайылтуусу үчүн анын дараметин жакшыртуу максатында  иштелип чыккандыгын белгилеп өттү. Программанын максаттарына жана милдеттерине ылайык ал алдыңкы беш жылга карата мамлекеттик статистиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри Н.С. Момуналиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык  талдоо жана өнүгүүнүн мониторинги бөлүмүнүн башчысынын орун басары И.А. Черный өз кезегинде Статистиканы өнүктүрүү программасы менен аныкталган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, донор өлкөлөрдүн эл аралык уюмдарынын өкүлдөрүн аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.  

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Люксина Текеева отурумдун катышуучуларына маалыматтарды топтоонун жана иштетүүнүн учурдагы системасы жана технологиясы өз ишенимдүүлүгүнө карабастан, негиздүү мамилелерди талап кыла тургандыгы жөнүндө маалымдады. Ушуга байланыштуу азыркы учурдагы улуттук статистикалык системаны модернизациялоонун стратегиялык милдеттеринин бири маалыматтарды киргизүүнүн мөөнөтүн жана сапатын олуттуу кыскарта турган статистикалык отчеттуулукту электрондук топтоого өткөрүү болуп саналат.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Баисбек Касымбеков катышуучуларга республиканын социалдык-демографиялык статистикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө маалыматтарды берди.

Улуттук эсептер тутумунун начальниги Азамат Оросбаев ИДПнын көлөмүн жана түзүмүн түзүүгө таасир этүүчү УЭТ-2008дин көрсөткүчтөрүн киргизүү боюнча милдеттерди, ошондой эле УЭТ-1993 иштелмесин аяктоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө айтып берди.

Айлана-чөйрө жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Каныкей Орозбаева өз сөзүндө Улутстатком тарабынан иштелип чыккан экологиялык-экономикалык эсеп системасы туруктуу өнүгүүнүн маанилүү өлчөө куралы боло аларын баса белгилеп өттү.

Баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова баалардын индекстеринин пайдаланылуучу системасы тууралуу маалымат берди жана аны андан ары жакшыртуу үчүн методологияны өзгөртүү, өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекстерин эсептөө боюнча жаңы программалык камсыздоолорду жаңыртуу жана иштеп чыгуу зарыл экендигин белгиледи.

___________________________________________________________________________________________________________

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)


Акыркы жаңылоо: 15.09.2015, 17:09