Бүгүн, 2016-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби - 2010-2014” жыйнагынын бетачарына арналган тегерек стол болуп өттү
Басылмалардын датасы: 24.03.2016
Бүгүн, 2016-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби - 2010-2014” жыйнагынын бетачарына арналган тегерек стол болуп өттү
Бүгүн, 2016-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасындагы БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Жазыктык сот адилеттиги программасынын колдоосунда “Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби - 2010-2014” жыйнагын тааныштырууга арналган тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столду Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасынын орун басары Байысбек Касымбеков, Кыргызстандагы БУУ БКБнын Программасынын эл аралык координатору Кун Маркверинг, Улутстаткомдун социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын начальниги Римма Чыныбаевалар ачып, катышуучулардын көңүлүн жыйнактын жасалган кылмыштардын тенденциясын жана мүнөзүн изилдөөгө шарт түзгөн маанилүүлүгүнө көңүл буруусуна басым жасашты.
Өз кезегинде Улутстаткомунун социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова “Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук жана укук тартиби - 2010-2014” жыйнагынын бетачары, ошондой эле жыйнактын бөлүмдөрүнүн мазмуну менен тааныштырды.
Тегерек столдун жыйынтыгында ой-пикирлер айтылды.