Улутстаткомдо мамлекеттик статистика органдарынын 2015-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгына арналган коллегиянын кеңейтилген отуруму өттү

Басылмалардын датасы: 04.02.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппараттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мамлекеттик статистика органдарынын 2015-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгына жана 2016-жылга карата пландалган милдеттерине арналган коллегиянын кеңейтилген отуруму өтөт.

Коллегиянын кеңейтилген отурумунун ишин Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Осмоналиев баштап, мамлекеттик статистика органдарынын иштеринин жыйынтыгы менен тааныштырды, ошону менен бирге мамлекеттик статистика органдарынын өткөн жылдагы иштерин жалпысынан жакшы деп айтууга болорун белгилеп өттү. Статистикалык иштердин программасында, 2015-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистикасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү программасында жана 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүү стратегиясында 2015-жылга карата пландалган бардык иштер толугу менен аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансылык-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Айбек Кадыралиев, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин кесиптик бирлиги БКнын төрагасы Эмиль Кызаевдер да өз сөздөрүндө мамлекеттик статистика органдарынын ишмердигине оң бааларын беришти.  

Улутстаткомдун жыл жыйынтыгы боюнча мыкты деп аталган кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды.

Андан соң Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары жана аппарат жетекчиси сөз сүйлөп, катышуучулардын Улутстаткомдун өткөн жылдагы ишмердиги жөнүндө түрдүү суроолоруна жооп беришти.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн коллегиянын башында Улутстаткомдун аймагына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан мамлекеттик статистиканын 90 жылдыгына карата берилген арчалардын көчөттөрүн отургузуу аземи болуп өттү. 

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,
т.: + 996 (312) 625 559, 625 662
ф: + 996 (312) 660 138
моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128
e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Расмий сайт: www.stat.kg;
Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 04.02.2016, 13:54