Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда Улутстаткомдо жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана башка маселелер талкууланган пресс-конференция болуп өттү

Басылмалардын датасы: 09.07.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 9-июлунда Улутстаткомдо жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана башка маселелер талкууланган пресс-конференция болуп өттү. 

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Байжуманов Джанбулат Байжуманович маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 172 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 7,3 пайызга жогорулады. Муну менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш жалпы көлөмдүн 51 пайызынан ашыгын түзгөн тейлөө көрсөтүү тармагына туура келди, өнөр жайдын үлүшү 19 пайыздан ашты, айыл чарбасы – 10 пайызга жакынды түздү жана курулуш 6 пайыздан ашты.  

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнундагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 89 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда 23,6 пайызга жогорулады. “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын кошпогондогу продукциялардын көлөмү бул мезгил ичинде 4,7 пайызга жогорулады.

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева Улутстаткомдун расмий сайтынын жаңы форматын катышуучуларга тааныштырды. Ошону менен бирге ал сайттын толугу менен өзгөрүлгөндүгүн, интерактивдик графиктердин жана диаграммалардын иштеши камсыз кылынгандыгын, статистикалык маалыматтарга электрондук жазылуу системасы киргизилгендигин белгиледи. Сайтка компьютерден, планшеттен жана уюлдук телефондон кирүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди. Ошондой эле сайтты үч тилде колдонуууга болот.

Үй чарба статистикасы башкармалыгынын методология жана маалыматтарды иштетүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Нурбаева пресс-конференциянын катышуучуларына 2014-жылдагы республика боюнча 30,6 пайызды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 6,4 пайыздык пунктка төмөндөгөн жакырчылыктын деңгээли тууралуу тааныштырды. Ошону менен бирге жакырчылыктын деңгээли шаар жеринде 1,6 пайыздык пунктка, ал эми айыл жеринде - 8,7 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Жакырчылыктын деңгээлин баалоо үчүн тосмолук белги катары 2013-жылдагы керектөө бааларынын орточо жылдык индексине индекстелген жакырчылыктын чеги колдонулду. 

Баалардын статистикасы бөлүмүнүн бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгындагы керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 0,2 пайызды түздү, ошол эле убакта өткөн жылдын I жарым жылдыгында ал 5,9 пайызды түзгөн. Инфляциялык процесстердин жылдын башынан бери басаңдашы негизинен II жарым жылдыктагы жашылчалардын (28,8 пайызга), сүт азыктарынын, сыр жана жумуртканын (11,0 пайызга), акшактын (4,6 пайызга) жана эттин (4,0 пайызга) баасынын төмөндөшү менен шартталды. Ошону менен катар азык-түлүктүк эмес товарлардын жана тейлөөлөрдүн баалары жана тарифтери жогорулоосун улантууда жана мурунку жылдын декабрына салыштырганда жалпысынан 4 пайызга көтөрүлдү.   

 

 

 

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гульнара Джайлобаева үй чарбалардын бюджеттеринин жана жумушчу күчүнүн тандалма изилдөөсүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди, 2014-жылдагы 15 жана андан улуу жаш курактагы экономикалык жактан активдүү калктын саны 2504,2 миң адамды түздү жана мурунку жылга салыштырмалуу 1,4 пайызга көбөйдү. Ошону менен бирге экономикалык активдүүлүктүн деңгээли бул мезгилде дээрлик өзгөрүлгөн жок. 15 жана андан улуу жаш курактагы жумушсуздардын саны 201,5 миң адамды түздү. Жумушсуздуктун деңгээли мурунку жылга салыштырмалуу 0,3 пайыздык пунктка төмөндөп, экономикалык активдүү калкка карата 8 пайызды түздү.

Тышкы экономикалык ишмердик статистикасынын башкы адиси Гулайым Шаяхметова 2014-жылдагы тышкы соода жүгүртүү 7618 млн. АКШ долларын (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде) түзгөндүгүн жана мурунку жылга салыштырганда 4,7 пайызга төмөндөгөндүгүн белгилөө менен бирге 2014-жылдагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

2014-жылы республиканын тышкы соодасында мурунку жылдагыдай эле товарлардын импорту алардын экспортун 3 эсеге ашып түшкөн. Натыйжада соода теңдеминин дефицити 2013-ж. деңгээлге карата 3,2 пайыз төмөндөп, 3851 млн. АКШ долларын түздү.

Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн үлүшүнө республиканын тышкы соода жүгүртүүсүндө 40 пайызга жакыны туура келди.

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун пресс-кызматы,

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмийй сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү, 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)


Акыркы жаңылоо: 15.07.2015, 11:37