Республиканын улуттук эсептер тутуму басылып чакты "Кыргыз Республикасындагы улуттук эсептер -2010-2014" аттуу статистикалык жыйнакта берилди
Басылмалардын датасы: 29.02.2016
Бул статистикалык жыйнакта Кыргыз Республикасынын 2010-жылдан 2014-жылга чейинки мезгилдеги республикада болуп өткөн экономикалык процесстерди институционалдык секторлор жана экономикалык ишмердиктин түрлөрү бөлүгүндө; ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмүн, динамикасын жана түзүмү жана анын негизги компоненттерин; товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү; кирешелерди түзүү, бөлүштүрүү, кайра бөлүштүрүү жана пайдаланууну; инвестициялардын каржылоо булактарын түзүү жана капиталдагы өзгөрүүлөрдү; тышкы экономикалык операцияларды ж.б. чагылдыруучу улуттук эсеп тутумунун көрсөткүчтөрү жарыяланат. Жыйнакты макроэкономикалык талдоо жана эконометрикалык моделдөө жана болжолдоо маселелери менен алектенген чөйрөдөгү көптөгөн керектөөчүлөр (мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, илимий-изилдөө уюмдары, иштиктүү чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлар, жеке изилдөөчүлөр) пайдаланышы мүмкүн.
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: aorosbaev@stat.kg;
тел. + 996 (312) 324695
___________________________________________________________________________________
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).