Республикадагы калкты социалдык жактан коргоо жана кесиптик бирликтер: Сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 20.10.2022


Кыргызстанда 19-октябрь күнү Социалдык коргоо жана кесиптик кошуун кызматкерлеринин күнү салттуу түрдө белгиленет. Ушуга байланыштуу, Улутстатком бул чөйрөдөгү ишмердикти мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн кыскача серебин даярдады.

2021-жылы Социалдык фонддун чыгымдары (республикалык бюджеттен келип түшкөн төлөмдөрдү кошкондо) 2017-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйдү. Алардын негизги көлөмү пенсияларды төлөөгө багытталды, бул Социалдык фонддун 2021-жылдагы чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 85,4 пайызын түздү.

Социального фонддун чыгымдары
(млн. сом)

 

2017

2018

2019

2020

2021

Чыгымдар - жалпы

46 462,6

50 309,7

53 506,3

56 635,9

60 758,6

анын ичинен пенсияларды төлөөгө

39 125,4

42 689,6

45 625,8

48 642,8

51 868,2

Акыркы беш жылдын ичинде социалдык коргоого кеткен чыгымдардын, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттардын үлүшүнө орточо эсеп менен алганда, анын бардык чыгымдарынын 16 пайыздан 20 пайызга чейинки үлүшү туура келди, ал эми бул беренеге багытталган каражаттардын көлөмү жыл сайын өсүүдө. 2021-жылы социалдык коргоого багытталган каражаттардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 36,6 млрд. сомду түздү.

Мамлекеттик бюджеттен социалдык коргоого кеткен чыгымдар

 

2017

2018

2019

2020

2021

Чыгымдар¹- жалпы

 

 

 

 

 

млн. сом

26 922,4

30 374,4

32 763,6

34 376,5

36 625,3

ИДПга карата пайыз менен

5,1

5,3

5,3

5,7

5,1

жалпы чыгымдарга карата пайыз менен

16,2

19,2

19,5

20,0

17,3

¹ ЭВФнын 2001-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасы боюнча колдонмосуна ылайык, ошондой эле финансылык эмес активдерди сатып алууга кеткен чыгымдар кошулганда.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 458 миңден ашты.  Мында балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү айлык жөлөкпулду алуучулар 110,9 миң үй-бүлөнү же 359,5 миң адамды, ал эми социалдык жөлөкпул алуучулар 99,1 миң адамды түздү.

Беш жылдын ичинде (2017-жылдан 2021-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү 1,9 эсеге көбөйүп, 2021-жылдын аягына карата бир алуучуга 4 554 сомду түздү.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун жана башка мамлекеттик органдардын пенсиялык органдарында каттоодо турган пенсия алуучулардын саны 758 миң адамды түздү. Беш жылдык мөөнөттүн ичинде дайындалган айлык пенсиянын орточо өлчөмү 2017-жылдагы 5 578 сомдон 2021-жылдагы 6 412 сомго чейин өстү.

 

Графикте көрсөтүлгөндөй, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң көп эмгек пенсиясы Россияда (227 доллар) жана Казакстанда (214 доллар), эң азы Тажикстанда (31 доллар) жана Кыргызстанда (76 доллар) белгиленген.

 

2020-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү эмгек пенсиясынын жаш курак боюнча өлчөмү

(улуттук статистика кызматтарынын маалыматтары боюнча, АКШ доллары менен)

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2021-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 805 кесиптик бирликтер катталган, алардын саны 2017-жылга салыштырмалуу 9 пайызга өскөн. Ошону менен бирге 2021-жылы 426 кесиптик бирликтер же катталган бирликтердин жалпы санынын 53 пайызы отчет беришкен. Аларда эмгектенген кызматкерлердин орточо жылдык саны 2,5 миң адамды, ал эми бирликтердин мүчөлөрүнүн саны 703 миң адамды түздү.

Кесиптик бирликтер 2021-жылы 654,6 млн. сом суммасындагы финансылык ресурстар менен камсыздалышкан, алардын негизги көлөмү (90 пайызы) мүчөлүк төгүм түрүндө келип түшкөн. 


Акыркы жаңылоо: 20.10.2022, 14:11