Кыргыз Республикасынын Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен Бириккен Улуттар Уюмунун калк жайгаштыруу Фондунун Бишкектеги Кеңсесинин башчысы Азамат Баялиновдун жолугушуусу болду

Басылмалардын датасы: 23.03.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен Бириккен Улуттар Уюмунун калк жайгаштыруу Фондунун Бишкектеги Кеңсесинин башчысы Азамат Баялиновдун жолугушуусу болду. Жолугушуу 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрель аралыгында өткөрүлө турган Кыргыз Республикасынын эл жана турак-жай фондун каттоо алкагында болуп өттү.

Жолугушуу учурунда статистикалык потенциалды өнүктүрүү үчүн, КР эл жана турак-жай фондун каттоо процессине  көмөк көрсөтүү, каттоо аяктагандан соң, каттоонун жыйынтыктарын жайылтуу багытындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселеси талкууланды.

Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов БУУнун калк жайгаштыруу боюнча Фондунунун Кыргыз Республикасындагы Кеңсесине өлкөбүздүн статистика тармагын жакшыртуудагы, анын ичинде 2022-жылы өткөрүлө турган эл жана турак-жай фондун каттоодогу  көрсөткөн көмөгү жана демилгелер менен байма-бай бөлүшүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

          


Акыркы жаңылоо: 23.03.2022, 18:02