2019-жылдын январь-июнунда калкка микрокредиттерди берүү рыногунун абалы
Басылмалардын датасы: 16.08.2019
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 13 741,7 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 295 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 33,8 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү – 31,5 пайызга көбөйдү.
1-график: Январь-июнда калкка микрокредиттердин берилиши
Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,6 пайызы), Бишкек ш. (19,6 пайызы), Жалал-Абад (13,9 пайызы) жана Чүй облустарынын (13,8 пайызы) алуучуларына берилген.
1-таблица: Январь-июндагы аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
|
Берилген микрокредиттердин көлөмү, |
Алуучулардын саны, |
|||||
2018 |
2019 |
2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен |
2018 |
2019 |
2019-ж. 2018-ж. карата пайыз менен |
|
|
Баткен облусу |
603,3 |
872,2 |
144,6 |
18,2 |
27,3 |
150,3 |
|
Жалал-Абад облусу |
1 439,8 |
1 910,7 |
132,7 |
37,0 |
52,5 |
141,8 |
|
Ысык-Көл облусу |
1 211,1 |
1 550,0 |
128,0 |
24,8 |
33,1 |
133,5 |
|
Нарын облусу |
793,8 |
1 009,9 |
127,2 |
18,4 |
23,4 |
127,2 |
|
Ош облусу |
2 121,0 |
2 834,4 |
133,6 |
50,4 |
67,6 |
134,1 |
|
Талас облусу |
274,4 |
404,6 |
147,5 |
7,0 |
10,8 |
154,3 |
|
Чүй облусу |
1 573,5 |
1 897,8 |
120,6 |
29,2 |
35,0 |
119,7 |
|
Бишкек ш. |
2 020,2 |
2 688,1 |
133,1 |
26,9 |
34,7 |
128,9 |
|
Ош ш. |
415,7 |
573,9 |
138,1 |
8,5 |
10,6 |
124,1 |
2-график: Январь – июндагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)
Микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,5 пайыздык пунктка өсүп, 2019-жылдын январь-июнунда 94,3 пайызды түздү.
_______________________________________________________________________________________
Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 626073, 625591
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).