Берилген микрокредиттердин үчтөн бир бөлүгү айыл чарбасына багытталды

Басылмалардын датасы: 20.08.2021


Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17,7 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 329 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 10%га көбөйдү.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%ы), Бишкек ш. (17%дан ашыгы), Жалал-Абад жана Чүй (14%дан) облустарынын алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгү (33%ы) - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 32%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11%ы - соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7,5%ы – курулушка берилди.

2021-жылдын I жарым жылдыгында калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

                  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.08.2021, 14:10