Үстүбүздөгү жылдын августундагы инфляциянын деңгээли 0,3 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 15.09.2015


Үстүбүздөгү жылдын августунда (мурунку айга салыштырмалуу) экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли 0,3 пайызды түздү. Муну менен бирге азык-түлүктүк эмес товарларга(бир пайызга) жана тейлөөлөргө (0,6 пайызга) болгон баалардын жогорулаганы белгиленди, ал эми тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалар тескеринче 0,4 пайызга төмөндөдү. Ү.ж. августунда мурунку айга салыштырганда тамекилерге болгон баалар 3,9 пайызга, алкоголдуу ичимдиктерге – 0,1 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын августунда мурунку айга салыштырмалуукеректөө бааларынын төмөндөшү Талас (0,7 пайызга), Нарын (0,4 пайызга) жана Ысык-Көл (0,1 пайызга) облустарында катталды. Муну менен бирге ү.ж. башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтердин максималдуу (1,7 пайызга) өсүүсү мурдагыдай эле Нарын облусунда сакталып калат. Тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын жогорулашы Жалал-Абад облусунда гана (0,4 пайызга), ал эми азык-түлүктүк эмес товарлар – республиканын бардык региондорунда белгиленди.

___________________________________________________________________________________________________

Баалардын статистикасы бөлүмү                  |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 16.09.2015, 11:33