2019-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстардын көлөмү мурунку жылга салыштырмалуу 8 пайызга азайды

Басылмалардын датасы: 30.12.2020


2019-жылы республикада отун-энергетикалык ресурстун (өзүнүн кайра иштетилген жана кайра түзүлгөн продуктуларын эске алуу менен) көлөмү 16 млн. тоннадан көбүрөөк шарттуу отунду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 8 % азайды. Ошол эле мезгилде анын көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 7 % көбөйдү.

Негизги түрлөрү боюнча отун-энергетикалык ресурстардын көлөмү
(шарттуу отун миң тонна)

 

 

2015

2019

2019-ж. 2015-жылга

карата пайыз менен

Бардыгы

 

15 359

16 440

107,0

анын ичинен:

 

 

 

 

     көмүр

 

2 750

2 631

95,7

мунай (газ конденсатын кошкондо)

 

162

348

214,8

жаратылыш газы

 

318

375

117,9

автоунаа бензини

 

1 104

984

89,1

дизелдик күйүүчү май

 

716

1 004

140,2

күйүүчү мазут

 

505

275

54,5

авиация жана башка максаттар үчүн керосин

 

138

107

77,5

гидроэнергия

 

3 824

4 775

124,9

электр энергия

 

4 740

5 300

111,8

жылуулук энергиясы

 

447

424

94,9

башка түрлөрү

 

655

217

33,1

Отун-энергетикалык балансынын ресурстук бөлүгүндө отун-энергетикалык ресурстарынын импортунун үлүшү 2015-жылы 26,5 % 2019-жылы 16,2 % чейин кыскарды. Отун-энергетикалык ресурстары республикага негизинен Казахстандан, Өзбекистандан жана Россиядан келип түштү. Дээрлик көмүрдүн бардык көлөмү Казахстандан, жаратылыш газы – Россиядан жана Өзбекистандан, дизелдик отун жана автоунаа  бензини негизинен Казахстан менен Россиядан келип түштү.

Отун-энергетикалык балансынын ресурстук бөлүгүнүн түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

                                                                                                               

   

Бөлүштүрүү бөлүгү түзүлүшүнүн балансында өндүрүү-технологиялык жана башка муктаждыктарга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2015-жылы 47 % 2019-жылы 49 % чейин, ал эми ОЭР экспорттун үлүшү, 3,3 %, турушуна карата, 6,1 % чейин көбөйдү. Ошол эле учурда, энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга сарпталган отун-энергетикалык ресурстардын көлөмүнүн үлүшү 2015-жылы 34,3 % 2019-жылы 32,6 % чейин азайды.  

Отун-энергетикалык балансынын бөлүштүрүү бөлүгү түзүмүнүн өзгөрүлүшү
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

2019-жылы республиканын ички рыногунда 13,4 млн. тонна отун ресурстарынын шарттуу отуну сарпталды, анын ичинен 8,0 млн. тонна шарттуу отун же 60 % өндүрүү-технологиялык жана башка муктаждыктарга, 5,4 млн. тонна шарттуу отуну же 40 % - энергиянын башка түрлөрүнө айлантууга сарпталган.

Жаратылыш ресурстарын өндүрүүнүн жалпы суммасынын ичинде көмүрдүн үлүшүнүн көбөйгөндүгү белгиленди. Эгерде, 2015-жылы ал 9,7 % түзсө, ал эми 2019-жылы 10,5 % жетти. Ошондой эле 2019-жылы көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,6 млн. тоннаны түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 35 % пайызга жогорулады. Негизинен алганда көмүр ички рынокто керектелет, анын керектөө үлүшү жалпы керектөөлөрдүн ичинен 44 % жакынын түздү. Мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат.

2019-жылы 83 миң тоннадан ашык дизелдик май өндүрүлдү, бул 2015-жылга салыштырмалуу же 1,5 эсеге көп, ал эми анын импорттук келип түшүүлөрү 4 % көбөйүп 535,3 миң тоннаны түздү.

 Автоунаа бензинин өндүрүү 103 миң тоннаны түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу жарымынан көбүнө (53 %) азайды, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу – 10,5 % азайды. 2015-жылга салыштырмалуу анын импорттук келип келип түшүүлөрү 22 % азайып, 485 миң тоннадан көбүрөөгүн түздү.

Күйүүчү мазутту өндүрүү 2019-жылы 115 миң тоннаны түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 15 % азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр дээрлик 72 % чейин кыскарды. Ошол эле учурда дизелдик май жана күйүүчү май боюнча экспорттун өсүшү белгиленди.

2019-жылы бардык отун катары керектөөнүн ичинен түздөн-түз дизелдик отуну катары жалпы дизелдик керектөөнүн ичинен 92,5 %, 87 % - автоунаа бензини жана 14,8 % - отун мазуту керектелди. Авиациялык керосинге болгон суроо-талап толугу менен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен канааттандырылат.

Чийки мунай ресурстары 2019-жылы 243 миң тоннаны түздү, алардын 96 % жакыны (233 миң тонн) өндүрүүгө, бир пайыз импортко жана 3 % көбүрөөгү калдыктарга туура келди. Өндүрүү жана күйүүчү отун муктаждыктарына керектелбеген материал катары 187 миң тонна мунай же  жалпы ресурстардын ичинен 77 % сарпталды.

2019-жылы жаратылыш газынын ресурстарынын дээрлик 97 % Россиядан келген импорт менен камсыз кылынды. 2015-жылга салыштырганда аны өндүрүү 7,2 млн. куб. метрге же дээрлик 23 % кыскарып 24,4 млн. куб метрди түздү. Күйүүчү май катары 205 млн. куб метрге жакын же 63 % газ, энергиянын башка түрлөрүн айлантууга 94,3 млн. куб. метр газ же жалпы керектөөнүн ичинен 29 % сарпталды жана жоготуулар 8 % түздү.

2019-жылы 15 млрд. кВт/саат электрэнергиясы өндүрүлдү, анын 83 % көбүрөөгү ички рынокто керектелди. Былтыркы жылга салыштырмалуу электрэнергиясынын көлөмү 4 % азайды, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу, тескерисинче, 16 % жогорулады. 2019-жылы электрэнергиясынын жоготуулары жалпы ресурстардын ичинен 16 % көбүрөөгүн түздү (2015-жылы 19 % көбүрөөгүн түздү).   

Жылуулук энергиясын өндүрүү 2019-жылы 2,9 млн. гигакалорийди түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5 % азайды. Бардык жылуулук энергиясынын көлөмү ички рынокто керектелет. Ошондой эле, 2019-жылы анын жоготуусу 18 % азайып 216 миң гигакалорийди түздү. 

 

 ____________________________________________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.12.2020, 09:24