Бишкекте “2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун кыскача жыйынтыктары” аттуу тегерек стол өттү

Басылмалардын датасы: 13.11.2023


Бүгүн, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы "Plaza" отелинде БУУнун Калк фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун кыскача жыйынтыктарын талкуулоого арналган аттуу тегерек стол болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев тегерек столду ачып, эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул кампанияны өткөрүүгө көмөк көрсөткөн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.    

Тегерек столдо сөз сүйлөгөндөр:

• Сатывалдиева Назира Абдырахмановна, гендер боюнча программалык аналитик, эл жана турак жай фондун каттоодогу ЮНФПА өнөктөштүгү жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүштү.

• Кудакеева Анара Ашимовна, Улутстаткомдун статистикалык каттоолор жана ГМС бөлүмүнүн башчысы, калктын негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү боюнча маалыматтарды берди.

• Мааткулова Жанара Байбосуновна, демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси, Кыргыз Республикасындагы демографиялык абал тууралуу тааныштырды.

• Рахманова Жылдыз Жалиловна, социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы, калктын билим деңгээли жана сабаттуулугу тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.

• Жаркынбаева Айгуль Жалиловна, региондук статистика жана сапат бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жана региондордун калкы тууралуу маалыматтарды берди.

Тегерек столго мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Президенттин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, түндүк региондун облустук статистика башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.

Шилтеме:

1.   1-китеп: https://www.stat.kg/media/publicationarchive/97a92f38-1757-4b7f-b6eb-74eb1f378fcf.pdf

2.   2-китеп: https://www.stat.kg/media/publicationarchive/09ae4f7e-4869-4f68-87a9-072c3e92607a.pdf

3. Эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча басылмалар графиги

I -китеп

Калктын негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү

2023-жылдын февраль айында басылып чыгарылды

 

II-китеп 1-бөлүк

Кыргызстандын калкы

2023-жылдын июль айында басылып чыгарылды.

III-китеп

(Р сериясы)

Кыргыз Республикасынын региондору

2023-ж.

III-IV квартал

 

Р1 Баткен облусу

 

 

Р2 Жалал-Абад облусу

 

 

Р3 Ысык-Көл облусу

 

 

Р4 Нарын облусу

 

 

Р5 Ош облусу

 

 

Р6 Талас облусу

 

 

Р7 Чүй облусу

 

 

Р8 Бишкек шаары

 

 

Р9 Ош облусу

 

 

II-китеп 2-бөлүм

Кыргыз Республикасынын калкынын экономикалык активдүүлүгү жана иш менен камсыздуулугу

2023-ж.

IV-квартал

II-китеп 3-бөлүм

 

IV-китеп

Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы

 

Кыргыз Республикасынын калкынын турак-жай фонду жана жашоо шарттары

2024-ж.

I-квартал

2024-ж.

II-квартал

V-китеп 

Кыргыз Республикасынын үй-чарбалары жана үй-бүлөлөрү 

2024-ж.

III-квартал 

VI-китеп

Негизги уюштуруучу жана методологиялык жоболор

2024-ж

декабрь айы.

 


Акыркы жаңылоо: 14.11.2023, 11:00