Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында Ачык эшиктер күнү болуп өттү

Басылмалардын датасы: 09.12.2022


Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында Ачык эшиктер күнү болуп өттү. Иш-чарага аймактык муниципалдык башкармалыктардын жетекчилери, райондук муниципалдык администрациялардын, шаардык ветеринардык инспекциялардын кызматкерлери жана башка чакырылган коноктор катышты.

Башкармалыктын адистери иш-чаранын катышуучуларына алдыда Бишкек шаарында өтө турган мал жана үй канаттууларын эсепке алуу жөнүндө, ошондой эле акыркы үч жылдын ичиндеги борбор шаардагы керектөө бааларынын жана товарлардын өзгөрүшү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.


Акыркы жаңылоо: 09.12.2022, 10:42