Ош шаарында “Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун кыскача жыйынтыктары” аттуу тегерек стол болуп өттү

Басылмалардын датасы: 03.11.2023


Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында, Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун кыскача жыйынтыктарын талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү.

Чогулгандарга Улутстаткомдун төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев куттуктоо сөзү менен кайрылып,  Кыргыз Республикасындагы БУУнун калкты жайгаштыруу жаатындагы фондунун (ЮНФПА) өкүлдөрүнө каттоого көмөк  көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана алынган маалыматтар жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган натыйжалуу стратегияларды жана чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз болуп бере тургандыгын белгиледи.  

Иш-чаранын катышуучуларына 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасындагы демографиялык кырдаал, калктын билим деңгээли жана сабаттуулугу, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жана региондордогу калк жөнүндө маалымат берилди.
Иш-чарага Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, мамлекеттик органдардын, БУУнун калк жайгаштыруу жаатындагы фондунун өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында катышуучулар жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн эл каттоонун маалыматтарын оптималдуу пайдалануу боюнча өз сунуштарын беришти.


Акыркы жаңылоо: 03.11.2023, 16:09