2016-жылдын I кварталында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн төмөндөөсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 14.04.2016


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн    инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январ-мартында 16,6 млрд. сомду түзүп, 2015-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 0,7 пайызга азайды. Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 4,9 пайызга көбөйдү, тышкы булактардын эсебинен, тескерисинче 16,2 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 77,9 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүш, транспорт ишмердиги жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган, муну менен бирге инвестициянын жалпы көлөмүнүн үлүшү 2015-жылдын январь-мартына салыштырганда 2,9 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында  204,1 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылдын тийиштүү  мезгилине салыштырмалуу 17,2 пайызга көп.

 

 

______________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 

 

 

14-апрель 2016


Акыркы жаңылоо: 14.04.2016, 17:05