2016-жылдын I кварталында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалды

Басылмалардын датасы: 14.04.2016


2016-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциялары 39,5 млрд. сомго өндүрүлдү, бул 2015-жылдын январь-мартына караганда 25,7 пайызга аз. Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү негизинен 2015-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу баалуу металдарды өндүрүүнүн 47,4 пайызга кыскарышы менен шартталды.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда физикалык көлөмдүн индекси 99,1 пайызды түздү. Олүтту артта калуу текстиль өндүрүшүндө (55,8 пайызга), башка металл эмес минералдык продуктуларда (27,3 пайызга), кийим өндүрүшүндө (18,5 пайызга) белгиленди. Электр энергия өндүрүү, берүү жана бөлүштурүүнүн көлөмү 10,6 пайызга кыскарды.

Муну менен катар жылдын башынан бери башка пайдалуу кендерди казуунун (4,3 эсеге), мунайзаттын (1,9 эсеге), металл кендеринин (1, 7эсеге) жана мунайзат продуктуларын өндүрүүнүн (30,7 пайызга) өсүүсү белгиленди.

 

 

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү

e-mail anurbaeva@stat.kg

тел. + 996 (312) 664044

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 14.04.2016, 17:04