Кыргызстанда жети миллионунчу жарандын төрөлүшү күтүлүүдө

Басылмалардын датасы: 12.10.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоонун алдын ала жыйынтыктарын алгандан кийин өлкөнүн калкынын жалпы санын тактоо боюнча иштерди жүргүздү. Эл аралык сунуштамаларга ылайык, каттоолордун ортосундагы мезгилдеги калктын санын эсептөө үчүн акыркы эл каттоонун маалыматтар базасы жана адамдардын төрөлүшү, өлүмү жана миграциясы боюнча учурдагы эсептин маалыматтары пайдаланылат, алар ай сайын жарандык абалдын актыларын жазуу жана калктын миграциясын каттоо тутуму тарабынан берилип турат.

Ушуга байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап, калктын саны 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктарынын негизинде эсептелине баштады. Жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн негизинде үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жете тургандыгы аныкталган. Улутстаткомдун баалоосу боюнча 2022-жылдын 1-августуна карата республиканын туруктуу калкынын саны 6 977 миң адамды, ал эми 2022-жылдын 1-октябрына карата 6 млн. 995 миң адамды түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы 531-т тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун (Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары) жетекчилиги астында республиканын 7 миллионунчу жаранынын төрөлүшүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ведомстволор аралык комиссиянын курамына бир катар кызыкдар мамлекеттик органдардын: Финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилери кирди.

Улутстатком жети миллионунчу жарандын төрөлө турган күнүн так аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен берилген ыкчам маалыматтарды эске алуу менен өлкөнүн 7 миллионунчу жаранынын болжолдуу төрөлө турган күнүн эсептөөгө киришти. Эсептелген маалыматтар боюнча бул маанилүү окуя үстүбүздөгү жылдын 20-октябрына чейин болушу керек.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, Кыргызстандын калкынын саны өсүп жатат. Акыркы жылдары республикада болуп жаткан демографиялык процесстер калктын санынын өсүшүнүн жогорку темпи менен мүнөздөлөт. Төрөлүүнүн жогорку деңгээли сакталууда, бул калктын санынын көбөйүшүн камсыздайт. Ал эми тышкы миграциянын балансы терс бойдон калууда, бирок акыркы жылдары анын көлөмү бир топ төмөндөдү.

Эскерте кетсек, өлкөнүн алты миллионунчу жараны Кожошева Айлин 2015-жылдын 25-ноябрында Ош шаарында, беш миллионунчу жараны Курамаев Тынчтыкбек 2002-жылдын 27-августунда, төрт миллионунчу жараны Кайыпова Каныкей 1985-жылдын 27-майында Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн.

Ошентип, жети миллионунчу жаран менен алты миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 7 жылды, алты миллионунчу жаран менен беш миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 13 жылды, ал эми беш миллионунчу жаран менен төрт миллионунчу жарандын ортосундагы айырма 17 жылды түздү.

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 12.10.2022, 10:25