Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунда гендердик статистика маселелери талкууланды

Басылмалардын датасы: 16.04.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 16-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде статистикалык маалыматты жүргүзүүчүлөрдүн жана пайдалануучулардын катышуусу менен жыл сайын чыгарылуучу "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери" статистикалык жыйнагынын программасын өркүндөтүү боюнча консультативдик жолугушуу болуп өттү.

 Жолугушуунун жүрүшүндө статистикалык жыйнактын мазмунун кайра карап чыгууна, дизайнын жана форматын өзгөртүүгө байланышкан маселелер каралды. Ушундай жолугушууларды өткөрүү, бул гендердик статистиканы пайдалануучулардын муктаждыктарын түшүнүүнү жакшыртууга гана эмес, жыйынтыгында, таркатылуучу статистикалык маалыматтардын сапатын жогорулатууга да көмөк көрсөтөт.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун 2021-2023-жылдарга гендердик статистика боюнча Медиа планынын иш-чараларынын алкагында болуп өттү.

 

_____________________________________________________________________

Социалдык статистика            e-mail: rakhmanovazz@mail.ru

бөлүмү                                       e-mail: social-nsc@mail.ru              тел.+996(312) 664042

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 16.04.2021, 14:01