Улутстаткомдо өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланды

Басылмалардын датасы: 08.06.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 8-июнунда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата статистика органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин сыйлады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинде жогорку жетишкендиктери үчүн Улутстаткомдун экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Калыя Абдылдабековага жана Баткен облустук статистика башкармалыгынын Лейлек райондук статистика бөлүмүнүн жетекчиси Бахтиер Туракуловго ыраазычылык билдирилди.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция Министрлигинин Ардак грамоталары менен Улутстаткомдун эмгек жана иш менен камсыздоо статистикасы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жайлообаева жана Улутстаткомдун өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмүнүн башчысы Айнура Маманова сыйланышты.

Иш - чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улутстаткомдун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук жана жоопкерчиликтүү иштериндее ийгиликтерди каалады.

              

              

              

              

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 08.06.2022, 13:07