Улутстаткомдо алдыңкы жылдарга АРБ стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча маселелер каралды

Басылмалардын датасы: 24.03.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде аймактык статистика органдарынын кызматкерлери үчүн уюштурулган адам ресурстарын башкаруу, бухгалтердик эсеп жана финансылык камсыздоо тажрыйбасын жакшыртуу маселелери боюнча тренинг аяктады.

Тренингдин жүрүшүндө адам ресурстарын башкаруу стратегиясынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы, ошондой эле “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен байланышкан маселелер каралды.

Иш-чара “Салыктык башкарууну жана статистика тутумун модернизациялоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.


Акыркы жаңылоо: 24.03.2023, 16:32