Улутстаткомдо кылмыштуулук боюнча расмий статистиканы өндүрүүнү, талдоону жана жайылтууну жакшыртуу маселелери каралды

Басылмалардын датасы: 20.03.2024


Улутстаткомдо БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) өкүлдөрү менен кылмыштуулук боюнча расмий статистика жаатындагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган жолугушуу болуп өттү.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын экинчи кварталынан тартып атайын иштелип чыккан жана алдын алуу субъекттери менен макулдашылган методологиянын негизинде виктимологиялык изилдөө жүргүзүү боюнча иш-чара пландаштырылган, КР Улутстаткому ал иш-чараны өткөрүүгө жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат. Бул изилдөө 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин улуттук планын ишке ашыруунун алкагында, "Жазык-укуктук статистиканын маалыматтарын чогултууну жана талдоону жакшыртуу жана альтернативдүү маалымат булактарынан алынган маалыматтарды пайдалануу" милдетинин алдында пландалган.

Ошондой эле жазык жана административдик мыйзамдардын жаңы редакциясына ылайык “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулар жана укук тартиби" статистикалык жыйнагынын кезектеги басылмасын чыгаруу да каралган.

Тараптар көп жылдык кызматташтыктын жаңы этабы Кыргыз Республикасындагы кылмыштуулук статистикасы жаатындагы прогресске өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

 

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 20.03.2024, 13:32