Улутстаткомдо үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары боюнча пресс-конференция болуп өттү

Басылмалардын датасы: 11.11.2015


Бүгүн, 2015-жылдын 11-ноябрында Улутстаткомдо үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жана башка бир катар маселелер талкуулана турган пресс-конференция болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Осмоналиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларындагы ички дүң продукттун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 334 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-октябрына салыштырганда 4,8 пайызга көбөйдү. Ошону менен бирге ИДПнын түзүмүндөгү эң жогорку үлүш кызмат көрсөтүү тармагына туура келди, ал жалпы көлөмдүн 49 пайызга жакынын түздү, өнөр жайдын үлүшү 16 пайызга, айыл чарбасы 16 пайызга жакындады, курулуш 7 пайыздан ашты.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 140 миллиарддан ашты жана өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 8,2 пайызга жогорулады. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда бул мезгил ичинде продукциянын көлөмү 0,8 пайызга көбөйдү.

Мындан сырткары Улутстаткомдун төрагасы Акылбек Осмоналиев пресс-конференциянын катышуучуларына үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында өзгөчө маанилүү окуянын – республиканын алты миллионунчу жаранынын төрөлүшүнүн күтүлүп жаткандыгын маалымдап өттү. Анын маалыматтары боюнча республиканын Премьер-министринин буйругу менен бул окуяга байланыштуу иш-чараларды уюштуруу боюнча жумушчу топ түзүлдү.  

Демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы Римма Чиныбаева өз сөзүндө калктын 2014-жылдагы миграциясы жөнүндө тааныштырды. Ошону менен бирге ал Кыргызстанда 2012-жылдан баштап эмигранттардын санынын олуттуу төмөндөшү байкалгандыгын маалымдады, мунун негизги фактору Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын үстүнөн болгон миграциялык көзөмөлдүн катуулашы болуп саналат. Россия менен Казакстан туруктуу жашай турган жайды тандоо планында үстөмдүк кылуучу мамлекеттер болуп эсептелет. Мурункудай эле мигранттардын көпчүлүгүн орустар, кыргыздар жана өзбектер түзөт. Ошону менен бирге тышкы миграция процессинде анын эмгекке жөндөмдүү бөлүгү абдан активдүү катышууда.

Айлана-чөйрөнү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Каныкей Оросбаева катышуучуларга айлана-чөйрөнүн абалынын негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымдады, ошону менен бирге 2014-жылдагы суу колдонуунун көлөмүнүн суунун байкалган тартыштыгына байланыштуу мурунку жылга салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөндүгүн белгиледи. Булгануунун стационардык булактарынан келген булгоочу заттардын таштоолору тууралуу айтсак, алардын бул мезгил ичиндеги деңгээли 60 миң тоннадан ашып, дээрлик 1,6 эсеге көбөйдү. Ошону менен бирге алардын жалпы көлөмүндөгү айлана-чөйрөнү коргоодогу инвестициялардын жалпы көлөмү бир пайыздан азыраак болду.   

 

2015-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруучу 99 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды, алардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгы рекреация жана эс алуу жаатындагы кызматтарды көрсөтүүчү ишканалар катары катталган. 2015-жылдын январь-сентябрь айларында туристтерди кабыл алуу жана тейлөөнү 450 эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемелери ишке ашырышты, ал эми келүүчүлөрдүн (туристтердин) саны бул мезгил ичинде 1,2 млн. адамды түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8 пайызга көбөйдү. 

 

КР Улутстаткомдун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 662

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).


Акыркы жаңылоо: 11.03.2016, 13:08