Улутстаткомдо БУУ, ЕЭК, ЮНЕП өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

Басылмалардын датасы: 20.05.2022


2022-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын өкүлү Николас Бонвуазен жана БУУнун айлана-чөйрө боюнча Программасынын өкүлдөрү Томас Маркес жана Кэтрин Холл менен жолугушуу өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө тараптар экологиялык статистика боюнча маалыматтарды чогултуу боюнча райондук жана облустук статистика органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатуу, экологиялык статистиканын методологиялык базасын жакшыртуу, кайталанбашы үчүн министрликтер жана ведомстволор менен ишти координациялоону жакшыртуу, экологиялык статистиканын өзгөчөлүгүнө байланыштуу маалыматтардын сапатын жакшыртуу, респонденттер менен ишти координациялоону жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

“Улутстатком экологиялык статистиканы өркүндөтүү боюнча иштерди Активдүү жүргүзөт жана жер, суу ресурстары жана аларды пайдалануу, атмосфералык абанын абалы, флора жана фаунанын ар түрдүүлүгүнүн түрлөрү, өндүрүш жана керектөө калдыктары, аларды жок кылуу иш - чаралары, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого кеткен чыгымдар боюнча көрсөткүчтөрдү даярдоону жүзөгө ашырат”, - деп белгиледи Айнура Орозбаева жолугушуу учурунда. 

            

              

  


Акыркы жаңылоо: 01.06.2022, 13:37