Улутстаткомдо кызматкерлер менен К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери менен жолугушуу болуп өттү

Басылмалардын датасы: 14.11.2022


Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун аппаратынын жетекчиси Эльмира Алымкулова чогулгандарга саламдашуу сөзү менен кайрылып, азыркы дүйнөдө статистиканын ролу жана мааниси жөнүндө айтып берди, Улутстаткомдун расмий сайты жана статистикалык маалыматты издөө ыкмалары менен тааныштырды.

Улутстаткомдун кызматкерлери студенттерге өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү катары ички дүң продукт жөнүндө, айыл чарба тармактарынын абалы жана аны өнүктүрүүнүн перспективалары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөө рыногу жөнүндө эң кызыктуу маалыматтарды камтыган бир катар презентацияларды тартуулашты.

Жыйынтыгында Улутстаткомдун кызматкерлери берилген маалымат боюнча суроолорго жооп беришти.


Акыркы жаңылоо: 18.11.2022, 08:43