Мамлекеттик туунун 30 жылдыгына карата Улутстаткомдо салтанаттуу жыйналыш болуп өттү

Басылмалардын датасы: 03.03.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кыргызстандыктарды жана статистика түзүмүнүн кызматкерлерин Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. “Мамлекеттик туу эгемендиктин гана белгиси болбостон, биздин элдин рухун жана кулк-мүнөзүн айгинелеп турат. Туубуз – биздин тарыхыбыздын, ата-бабаларыбыздын көрсөткөн эрдигинин, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө салымын кошуп, мекенин коргоп жаткандардын белгиси”, - деди ал өзүнүн куттуктоосунда.

Ошондой эле, Мамлекеттик туу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аппарат кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу жыйын өттү. Жыйынды Улутстаткомдун аппарат жетекчиси Э.Алымкулова ачты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, 1992-жылдын 5-мартында көтөрүлгөн. Ошондон бери Мамлекеттик туу эл аралык аренада Кыргызстандын символу болуп келет.


Акыркы жаңылоо: 03.03.2022, 15:17