Улутстаткомдо салтанаттуу чогулуш болуп өттү

Басылмалардын датасы: 28.04.2017


Бүгүн, 28 апрелде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, Кыргыз Республикасынын статистика кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.

Иш чарада мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин адистик майрамы менен куттуктап, Президенттин администрациясынын, Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин өкүлдөрү, Улутстаткомдун администрациясынын, Башкы эсептөө борборунун, жана профсоюз уюмунун жетекчилери чыгып сүйлөштү.

Республиканын мамлекеттик статистика органдарындагы ак эмгеги жана жемиштүү ишмердиги үчүн жана жамааттын коомдук турумушунда активдүү катышкандыгы жана ар кандай иш чараларды уюштурууга чыгармачыл колдоолору үчүн, айрым кызматкерлер, мекемелик сыйлыктар жана Мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана коомдук тейлөөнүн кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты. 

 


Акыркы жаңылоо: 28.04.2017, 11:22